Курс НБ на 20.10.2019 $69,8031 €77,6699

Каза тапкандарды табалаган Дооталиева иштен алынды

Коом
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
294
Авиакырсыкта каза тапкандарды  табалап, Фейсбукка билдирүү жазган Таттыгүл Дооталиева Медициналык академиянын окутуучусу кызматынан бошотулду. Мындай маалыматты  аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов билдирди. Аны  иштен бошотуу чечими бүгүн чыкты. Медициналык академиянын жамааты Дооталиеванын жоругу үчүн кечирим сурайт. Авиакырсыкта курман болгондордун жакындарына, жабыркагандарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз – деп айтылат маалыматта.  Таттыгүл Дооталиева каза тапкандар өлкөнүн түштүк аймагынан болорун айтып, “өздөрүнөн көрсүн”  өңүттө Фейсбукка пикир калтырган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.