
Курс НБ на 03.03.2021 $84,8113 €101,7905

Катуу шамал имараттын чатырын учуруп кетти
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда катуу шамал айыл өкмөттүн администрация имаратынын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү саат 23:00дөн 23:15ке чейин аталган райондо катуу шамал болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен. Ал эми Момбеков айыл аймагында 11-апрель күнү саат 00:00 чамасында катуу шамал болуп, айыл өкмөттүн имаратынын чатырын учуруп, Бишкек-Ош унаа жолунун 515 чакырымынын жээгине түшкөн. Бул имарат 300 м2 болгон. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Нур БАЛБАК
Нур БАЛБАК
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек