Курс НБ на 21.10.2020 $81,2050 €95,6676

“Карек” аттуу кинолагерь уюштурулат

Коом
13 - Май 2017
www.erkintoo.kg
426
Ушул жылдын 1-10-июль күндөрү Ысык-Көлдө балдар жана өспүрүмдөргө багытталган алгачкы “Карек” аттуу кинолагерь уюштурулуп  ага 10-17 жаштагы өспүрүмдөр катышат алат. Бул тууралуу кинолагердин уюштуруучулары билдиришти. Маалыматка караганда  балдар эң алдыңкы киночулардан сабак алып, өздөрүнүн кыска метраждуу тасмасын тартышат. 10 күндүк кинолагердин алкагында жаш киночулар окууларга актер-актриса, режиссер, сценарист, оператор же монтажер катары катышып, мыкты эмгектин жаралуусуна салым кошо алышат. Кинолагерь Ысык-Көл облусунун, Тоң районунда жайгашкан “Алмалуу” боз уй этно-айылында өтмөкчү.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.