Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

​Кардан кийин 413 тонна туз себилди

Коом
17 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
87
Кар жаап жатканына байланыштуу кечээтен бери борбор калаанын жолдоруна 413 тонна техникалык туз себилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, карды тазалоо үчүн Жол-тейлөө бөлүмүнөн 38 техника жана 25 кызматкер тартылган. Мындан сырткары, 662 көчө шыпыргыч, "Тазалыктын" 118, "Жашыл чарба" ишканасынан 28 жана чакыруу менен барып тиричилик таштандыларын чыгарып кеткен 100 адамдан турган команда иштеп жатат.  Эгер муз тоңгон жолдорго жана тротуарларга туз чачылбаган учур катталса, 0554 182 185 WhatsApp номерине жазып жана 1840, 1850 кыска номерлерине күнү-түнү чалса болору эскертилет.
 
Айнура Шайкеева


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.