Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

КАРА-СУУ ЭЛИ АРДАКТАГАН АКИМ БААТЫР

Коом
10 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
259
Жүрөгүнө мекенчилдик сезим уюган кишинин эл алдына жүзү дайыма жарык болот. Эмгеги менен эл оозуна алынып, калк кадырлап турса, ого бетер. Каарманым дал ушул ой-чабыттын омоктуу оюна арзыган инсан. Ал – талыкпас мээнет менен ак эмгектен кадыр күткөн, чыныгы элдин уулу Аким Баатыр.

Оштун Кара-Суу району – төгөрөктүн төрт бурчуна белгилүү жер. Мына ушул районго караштуу 18 миңден ашуун калкы бар ири Сарай айыл аймагы башка аймактардан айырмаланып, «эң бай айыл аймак» катары белгилүү. Бул артыкчылыкка ээ болуунун артында иштерман жетекчи, анын түмөн-түйшүктүү эмгеги тураары шексиз. «Кайсы элге ак жолтой жетекчи туш келсе, ал элге, жерге кут түшкөнү» демекчи, сарайлыктардын келечек үмүтүн жандырган айкөл жетекчи Аким Баатыр болуп берди.

Сарай айыл аймагын 2002-жылдан тарта бир нече жыл Аким Баатыр башкарды. Шайланган күндөн тарта, жигердүү эмгектенип баштаган. Анын дамаамат аракети, максаты – оболу, айыл аймагынын күчтүү каржылык базасын түзүү болсо, ага удаа салык иштерин жөнгө салуу, күчтүү команда түзүп, ишке ыңгайлуу бардык шарттарды жайгаруу милдеттери да турган. Аким Баатыр мунун баарын жөнгө салды. Ошентип, алгылыктуу аракеттер аркасынан ийгиликтер жарала баштаган. Иш билги жетекчи эл ишенимин «ийненин көзүнөн» өткөрүп, жакшы жашоого болгон үмүт-тилектерди ыроолоду. Аким мырзанын иштин көзүн билген, каруусун казык кылып, эл мүдөөсүн баарынан жогору коюп, астейдил иштеген мээнетинен улам, ага калк таразасы калыс түшүп, кайрадан ишенимге ээ болду. 2005-жылы болгон жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жетекчилерди шайлоодо дагы Аким Баатырды айыл өкмөт башчылыгына колдоп беришти. Бул ишеним ага сыймык да, зор жоопкерчилик да болду. Кийинки мөөнөтүндө мындан да көп иштерди жасады.

Кара-Суунун Сарай айыл округун Аким Баатыр башкарган жылдардагы опол тоодой иштер жасалганы тууралуу жазылган «Күчтүү элет – кубаттуу мамлекет» деген китепти окуп чыктым. Мында Аким Баатыр жаңы шайланып келгендеги айыл аймагынын абалы жана улам алдыга карай көзгө толоор өсүп-өнүгүүлөр тизмектелген. Кыргызстандын аймагында өз каражатынан социалдык объектилерди, мектеп курган айыл өкмөттөр дээрлик жок. Аким Баатыр өзүнүн демилгеси менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 44 млн. сомго мектеп курган өлкөдөгү бирден-бир айыл өкмөт башчы болгону жазылган. Белгилей кетчү негизги нерсе, бараандуу иштин башаты, жаңы реформалардын: социалдык-экономикалык жаңылануунун үлгүсү дал ушул аймакта болгону кадыресе байкалат. Айтор, бул инсандын миң түркүн мүшкүлдү мойнуна артып, жоктон барды жаратып, сарайлыктардын ырыскысын арттырган мээнети ченегиз экенине ынанасың.  
Аким Баатырды «каарын салбаган карапайым жетекчи, улуу-кичүүгө бирдей мамиле күткөн, бечарага арка-бел боло билген, майыптарга, кары-картаңдарга карамдуу адам»,- деп макташат. Анан да бул инсандын улуулугу менен адамгерчилиги бийиктигине суктанып, аны менен сүйлөшүүгө, пикир алышууга ынтызар болгондор арбын. Бул нерсенин өзү адамдын чексиз айкөлдүгүнөн, жан дүйнө, аң-сезиминин тереңдигинен, бай экенинен кабар бербейби... Мындай улуу сапат баарында эле боло бербейт. Аким Баатырдын башкалардан айырмасы ушул. Дагы бир айырмачылыгы бар. Ал – анын популисттик мүнөздөн алыстыгы. Дайыма элинин эртеңин ойлоого, өзүнүн күчүн, тажрыйбасын мамлекетке жумшоого умтулат. Калкына кадыры сиңген, чыныгы элдин уулу болгон сыры да ушул.

«Кара-Суунун кадырман ата уулу» дешип, Аким Баатыр тууралуу карасуулуктар ооздон түшүрбөй кеп кылышса, айрымдар ал кишини райондун акими катары кабыл алышкандар да жок эмес экен. А чынында анын эрдикке тете эмгектерин эске алганда, алдап-соолап күчүн алчу ушу куракта аны эс алдырып коюунун өзү өөн учурачу көрүнүш го. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп иштеген мындай жетекчилерди ишке тартып, тажрыйбасын бөлүшүү, күчтүү элет – кубаттуу мамлекетти түптөө зарылдыгы өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы максаты эмеспи…
Ажар ТЕМИРКУЛОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.