Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталды

Коом
06 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
22
Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 5-декабрда саат 18:40тар чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 406-чакырымындагы Кара-Жыгач тилкесинде катталган. Анда «Ниссан» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 01 KG 641 АСА) жеңил унаа жолдон тайгаланып, «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру D43-45АА) жеңил унааны сүзгөн.

Окуя болгон жерге ӨКМдин №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, жардам беришкен. Жол кырсыгынан жабыркагандар жок.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу