Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Капиталдык курулуштар эртерек такталышы зарыл

Коом
06 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
47
Өкмөт келерки жылдын март айына чейин өлкөдөгү капиталдык курулуштарды тактап, алардын тизмесин бекитип бериши зарыл. Бул тууралуу депутат Улан Примов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. «Акыркы жылдары социалдык объектилердин курулуштарын каржылоо маселесин август-сентябрь айларына чейин создугуп келет. Ошондон улам курулуштардын сапаты начар болууда. Алардын тизмесин апрель-май айларында эле бекитип, анан бир айдын ичинде тендерлерди өткөрүш керек. Азыр депутаттар тобу токтомдун долбоорун даярдап жатат. Өкмөт дагы мындай демилгени колдойт деген ойдомун», - деди депутат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.