Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

​Каныкей ИМАНАЛИЕВА, врач-нарколог: “Ичкиликти таштоо оңой, баштабай коюу кыйын”

Коом
01 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
162
Бүгүн биз көп сандаган адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө орду толгус моралдык, психикалык запкы жана материалдык зыян тарттырган аракечтик сыяктуу жаман өнөкөттөн арылтуу аракети менен алектенген борбор калаабыздагы “Сергек жашоо” деп аталган жеке менчик наркологиялык клиниканын учурдагы ишмердиги тууралуу кеп курмакчыбыз жана маектешибиз аталган клиниканын жетекчиси, Кыргызстанда алкоголго көз карандылыгы бар, психикалык ден соолугу жабыркаган адамдарды стационардык шарттарда дарылоо боюнча көп жылдык бай тажрыйбага ээ врач-нарколог, врач-психиатр ИМАНАЛИЕВА Каныкей Алмазбековна болмокчу.
- Каныкей Алмазбековна, маегибизди жашоодо жарандарыбызды толгон-токой азаптарга дуушар кылып келе жаткан алкоголизм тууралуу окурмандарыбызга кыскача түшүндүрүү менен баштасак кандай болоор экен?..
- Эң эле жакшы сунуш. Алкоголизм – бул жөн гана эрктин боштугу, мүнөздүн жоктугу же көнүмүш адат эмес. Бул – организмде табигый таза биохимиялык процесстер бузулган жана дарылоо көп убакытты талап кылган психикалык оору.
Жаш курактын жогорулашы менен адамдын организминдеги бардык процесстер жайлай баштаары белгилүү. Гормондор барган сайын азыраак синтезделип, клеткалардын катардан чыгышы арбыйт. Алкоголду зыянсыздандыруучу ферменттер азаят. Спиртти чыпкалоочу боор менен бөйрөктөрдүн иштөөсү кескин начарлайт. Натыйжада, канда иштетилбеген көп өлчөмдөгү спирт калат, ошондуктан кары адамдар тез мас болушат.
Бир адамда ферменттер тез, башкаларында жай иштейт. Расалар да алкоголдун таасирине ар башкача реакция кылат, бул гендердин өзгөчөлүгү менен байланыштуу. Мисалы, азиаттарда ферменттер жай иштегендиктен тез эле мас болушат. Аялдарда эркектерге караганда ферменттер кыйла аз келгендиктен, алкоголизмге көбүрөөк алдырышат жана аларды дарылоо кыйынга турат.
Алкоголдук мас абалында бойго бүткөн учурда түйүлдүктө алкоголдук синдром жаралат, бул төрөлгөн баланын кийинки психофизикалык өнүгүүсүндөгү өксүктөрдү шарттайт.
Алкоголдук көз карандылыктын экинчи стадиясында бейтаптарда психиканын жана жүрүм-турумдун бузулушу байкалат. Үчүнчү стадияда адамдын өздүгү туруктуу бузулат.
Алкоголдук көз карандылыкты көп учурда “тануу оорусу” деп да аташат. Анткени, ичкен адамдардын 98 пайызы алкоголь менен көйгөйлүү мамиледе экендигин моюндарына алышпайт. Ошондуктан, ири алды адамдын эмне үчүн ичип жаткандыгын аныктоо маанилүү. Биз өзүбүз түшүнбөй туруп эле көз карандылыгыбызга актануу издей баштайбыз жана кезектеги дозаны алуу үчүн ага чындап ишенебиз.
- Эми өзүңүз иштеп жаткан клиниканын ишмердиги тууралуу кеп курууга өтөлү.
- Клиникабыз 2012-жылы түзүлгөн жана ал “Иманалиева Каныкейдин “Сергек жашоо” наркологиялык клиникасы” деп аталат. Учурда бизде жогорку категориядагы врач-психиатрлар, наркологдор, психотерапевттер жана реаниматологдор иштешет. Наркология психиатриянын бир бутагы болгондуктан, клиника жабык эшиктер режиминде иш жүргүзөт.
Клиникада дарылануу жана жашоо үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бул жерде тышкы чөйрөдөн жана маалыматтардан алыстаган бейтап мындай деңгээлге кандайча жетип калгандыгы тууралуу ойлонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Алар бул жерге кабыл алынаары менен врачтын кароосунан кийин детокс-терапиянын жардамы менен табиттин, уйкунун, жүрүм-турумдун, маанайдын бузулушу сыяктуу функциялар калыбына келтирилип, алкоголду эңсөө буулат, жеке жана топтук негизде активдүү психотерапия жүргүзүлөт. Сергек абалына даяр болуу деңгээлдерине жараша кайталанууларга каршы дарылоо дайындалат.
- Сиздерде кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кымбат болсо керек?
- Биз көрсөтүп жаткан кызматтарды артыкчылыктуу же беделдүү деп атоого болбойт. Пациенттер бул жерге келген учурда биз алардын жакындарынын жүзүнөн жана көздөрүнөн эбегейсиз кайгыны жана аргасыздыкты көрөбүз. Алардын балдары алкоголго көз каранды болуп калган ата-энелери үчүн башкалардан уялып, корунушат. Ошондуктан, бизде аларды түшүнгөн биргелик абал жана аракет түзүлөт.
Үй-бүлөлүк шартта көз карандылык менен күрөшүү кыйынга турат, бейтаптын ар бир жолку ичүүсү менен анын психикасы орду толгус бузулат. Көз карандылыкты дарылоо татаал жана узак процесс, ал врачтардын кесипкөйлүгүнө, ошондой эле бейтаптын өз жашоосун өзгөртүүгө болгон каалоосуна, ичимдикти токтотуусуна, ошондой эле анын жакын туугандарынын, балдарынын жана жубайынын жана досторунун катышуусуна да көз каранды.
- Клиникада дарылоо анонимдүүбү?
- Ооба, “Сергек жашоодо” дарылоо эч кимге жарыя кылынбастан, сиз айткандай анонимдүү жүргүзүлөт. Бизге келип дарыланууну каалоо чечими бейтап өз жашоосунда качандыр бир кабыл алган чечимдердин эң маанилүүсү болуп саналат.
- Эми дарылоо ыкмалары тууралуу кененирээк баяндап берсеңиз?
- “Сергек жашоо” клиникасында бейтаптарга жаңы муундагы дарылардын түрлөрүн колдонобуз, алар күн-түнү врачтардын кылдат көзөмөлүндө болуп, психотерапия жүргүзүлөт.
Дарылоо ыкмалары туурасында айтсам, ал биринчи кезекте детокс-терапиядан, башкача айтканда организмди жогорку кайтарымдуу каражаттардын жардамы менен ичкиликке уулануудан (интоксикациядан) тазалоодон башталат.
Психотерапевттин аракети менен бейтапка психокоррекция жана психотерапия жүргүзүлөт. Невроз айыктырылып, депрессиядан чыгарылат.
Булардан сырткары, анонимдүү түрдө организмде наркологиялык заттардын бар-жогун аныктайбыз. Ал үчүн бейтаптын заарасын деле алып келүү жетиштүү.
Ичкиликке берилүүнү токтотобуз, мас абалдагы адамдарды тез жана кылдаттык менен эсине келтиребиз. Каалагандарга көз карандылыкка каршы импланттарды тигип беребиз, ошондой эле кодирлөө жасайбыз.
Анонимдүү алкоголиктерге топтук психотерапия, ошондой эле жеке психологиялык иш жүргүзүп, бейтап жана анын жакындары менен ички үй-бүлөлүк өз ара мамилелерди жумшартабыз. Алкоголду, героинди кабыл алуудан жүрүм-турумдары жана психикасы бузулгандарга комплекстүү дарылоо жүргүзүлөт.
Клиникада пациентке “сен алкоголизм же наркомания менен ооруйсуң” деген позиция таңууланбайт. Аларга сергектик бул жашоодогу номер биринчи максат экендигин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк жана жардам берилет. Бардык калган нерсе ушуга байланыштуу болот.
- Клиниканын шарттарына дагы бир жолу токтоло кетсеңиз?
- “Сергек жашоо” клиникасын санаторий катары эсептесек болот. Бейтаптар ыңгайлуу, комфортабелдүү 2 орундуу палаталарга жайгаштырылат. VIP палаталарыбыз да бар. 3 маал ысык тамак берилет. Wi-Fi колдонуп интернетте отурууга, телевизор көрүүгө, бильярд ойноого же клиниканын короосунда сейилдөөгө болот. Алардын тынчтыгын жана коопсуздугун атайын күзөт кызматы камсыздайт.
- Айтыңызчы, сергектикке карай жол табуу кыйынбы?
- Негизги кыйынчылык көптөгөн адамдардын сергек жашоого карай жол кандай болоорун түшүнбөгөндүгүндө. Сергектик сиз аракты ичпей токтоткон күнү эле келе калбайт. Таштап салган оңой, кайра баштабай коюу кыйын. Эгерде канча мезгилден кийин (3 же 5 жыл) алкоголду кайрадан оозго алуу сизди алгачкы баштаган чекитиңизге алып келет. Абалыңыз ого бетер оорлойт, сиз өзүңүздүн күнөөлөрүңүздү арбытасыз...
- Маңыздуу маек куруп бергениңизге рахмат!
 
Айзада ДҮЙШӨНБАЕВА
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.