Курс НБ на 16.07.2019 $69,5663 €78,2308

Кан басымыңызды текшерте жүрүңүз

Коом
10 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
102
9  - апрелде М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Айгүл Жумагулова, Бишкек шаардык ден-соолукту чындоо борборунун директору Назгүл Акматалиеванын катышуусунда Бишкекте  “Ѳз кан басымыңды билип ал!” аттуу маалымат жыйыны өттү. “Артериалык гипертониядан 1,5 млн. адам жабыркап, алардын ичинен 39%ы 18 жаштан улуу адамдар. Эмне себептен бул дартты “тынч өлтүргүч” деп аташат? Анткени бул оору кандайдыр бир ыңгайсыздык жаратпайт, анын эч кандай белгилерин байкоого болбойт, ошондуктан көп адамдар кан басымынын жогорулап кеткендигин билбей жүрө беришет. Өлкөдө өлүмгө учураткан негизги оорулар бул, инфаркт, инсульт, жүрөк жетишсиздиги жана башкалар, бул оорулардын 70% кан басымдын жогорулашынан келип чыгат. Ошондуктан, эгер сиздин кан басымыңыз 140/90дон жогору болсо, анда сөссүз ооруканага кайрылуу керек”, - деп билдирди Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.