Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Камсыздандыруу- үйдүн чоӊ-кичинесине каралбайт

Коом
20 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
411
Кыргызстанда камсыздандыруу өнөктүгүнө айыл жеринин тургундары активдүү катышууда. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык,  өзгөчө Ош, Жалал-Абад жана Нарын аймактарында жылыштар бар. Өкмөт республикада жаратылыш кырсыктарынан, ошондой эле өрттөн үйлөрдү сөзсүз түрдө камсыздандырууну сунуштоодо. Өнүккөн өлкөлөрдө камсыздандыруу өнөктүгү эбак эле кадимки көрүнүшкө айланган. Бул жаатта Германия алдыңкы орунда турат. Камсыздандырууда үйдүн чоӊ-кичинесине каралбайт. Айыл жериндегилер турак жайды камсыздандырууга жылына 600 сом, шаар жергесинде 1200 сом төлөшөт. Турак-жайды камсыздандырууга жарандын паспорту талап кылынат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.