Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Калемпир кургатууну түркиялыктар жакшы билет

Коом
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
908
Кызыл калемпирдин мекени Борбордук Азия болуп саналат. Анын 2000ден ашык түрү бар жана калемпир 15-кылымда Испания аркылуу Европа жана Азия өлкөлөрүнө тараган. Учурда кызыл калемпир көптөгөн өлкөлөрдө, алардын арасынан Индияда, Тайландда жана Түркияда абдан көп өстүрүлөт.
   Кызыл калемпир С жана А витаминдерине бай. В тобундагы витаминдердин да булагы. Курамында калий, магний жана темир да бар. Кызыл калемпир жашылчадан даярдалган тамак-аштын бардык түрүндө кеңири колдонулары баарыбызга белгилүү. Медицинада кызыл калемпирдин куйкалаган ачуу түрлөрүн тундурма түрүндө табитти ачуу жана тамак-ашты сиңиртүү үчүн сунушталат. Калемпир жүрөк ооруганда жана аш казандан кан аккан учурларда колдонулат. Кан айлануу солгундаган жагдайларда калемпир аралашмасынан ысык ванна даярдап бутту чылоо жакшы жардам берет.
«Cancer Research» басылмасында 2006-жылы жарыяланган маалыматтарга ишенсек, изилдөөлөр кызыл калемпир рак клеткалары менен күрөшүүдө таасири күч экендигин көрсөткөн. Калемпирди кургатып жана тоңдуруп сактаса да болот.
 Мисалы, Түркиянын Килис провинциясында жыйналган кызыл калемпирди жолдорго жайып күн аптабына кургатып алгандан кийин фабрикаларга өткөрүшөт.
Кошумчаласак, биздин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жашаган дыйкандар ушундай ыкма менен кадимки сабизди жолдорго жайып кургатып, кайра иштетүү ишканаларына өткөрүп жатышкандыгы белгилүү.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.