Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

Кадамжайда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленди

Коом
28 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
45

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  26-октябрда, Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы өзгөчө ордун белгиледи.

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага мурдагы Премьер-министр Апас Жумагулов, Парламенттин мурдагы Төрагасы Медеткан Шеримкулов жана башка мамлекеттик ишмерлер, парламентарийлер,  Тажикстан жана Өзбекстандан расмий адамдар, ошондой эле Орозбековдун туугандары чакырылган.

Мааракелик иш-чаралардын алкагында театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Абдыкадыр Орозбековдун эстелигине гүл коюп, Кадамжай шаарындагы музейине барды.

Музейдеги эскерүү китебине Орозбековдун элесине таазим эткен жазуусун калтырды.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу