Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Үй-жайсыздарга бекер нан таратылууда

Коом
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
345
Бишкек шаарынын муниципалдык наабайканасы үй-жайсыз калган адамдарга бекер нан тарата баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматтарга караганда,  наабайкана Октябрь районунда жайгашкан үй-жайсыз калган адамдарга ай сайын 300 бөлкө нан берип турат. Мындан сырткары, Мэрия келечекте пенсионерлерди арзан нан менен камсыздоо пландалып жатканын билдирди. Наабайкана күнүнө алты миң бөлкө чыгарат жана былтыркы  7-майда ачылган. 300, 400 жана 500 граммдык нан  9-11 сомдун тегерегинде сатылат. Наабайкана шаардагы 18 павильон менен иштешет.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.