Курс НБ на 24.04.2019 $69,7009 €78,4240

Үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысы көбөйдү

Коом
15 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
18
Кошумча төлөмдөрдүн эсебинен үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге көбөйдү. Биринчи медициналык-санитардык жардам кызматы жакшыртылгандан кийин Бишкек шаарында бириктирилген 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору иштеп жатат.  Өкмөттүн үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын эмгек акысын жогорулатуу боюнча буйругуна ылайык, баалоо кагазынын негизинде иштин жыйынтыгы боюнча кошумча төлөм каралып, муну менен катар эле эмгек акынын кепилденген бөлүгү өзгөртүүсүз калат. Республикада 1 миң 134 үй-бүлөлүк дарыгер бар. Дарыгерлердин эмгек акысы жетишкендиктерине жараша орто эсеп менен 18,1 миң сомдон баштап, 27,8 миң сомго чейин жетет деди Саламаттыкты сактоо министрлиги.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу