Курс НБ на 21.10.2020 $81,2050 €95,6676

«Үй-бүлө калып эле, жумуш биринчи планга чыгат"

Коом
01 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
616
Утурменова иштеген Башкармалык болуп жаткан иштерди уюштуруп, жумуштун кайсы жагынан артта калды, кай жагынан алдыда баратат анализдеп, божомолдоп турат. Бардык ыкчам кызматтардын документтерин топтоп, талдап, уюштуруп туруу милдети аларга тагылган. Имира Жамангуловна 1983-жылдан бери милиция тармагында үзгүлтүксүз иштеп келатат. Жолдошу да милиция кызматкери. Экөө ушул тармакта эриш-аркак кыйынчылыктарды жеңип иштеп,келаткандарына 30 жылдан ашты. Милициянын жумушу нормага салынбагандыктан, аял-эркек экенине карабай, эртеден кечке жумушта отурууга туура келет. Күнүнө 12 сааттан иштешет. Кээде үй-бүлө, башка маселе экинчи планда калып эле, биринчи планга жумуш чыгып кетет. Кызы Медакадемияда окуйт. Стаж боюнча пенсияга чыкканы менен жашы боюнча дагы 2 жылдан кийин чыгат. Милициялар 55 жаштан кийин аттестация жок болгондуктан, сөзсүз пенсияга кетишет. Айлыгы Имира эже айтмакчы, нанга май сүйкөп жегенге жетет, бирок икрага жетпейт. Үй-жай сатып алганга жетпегени менен башка күнүмдүк жашоо-тиричиликке кудайга шүгүр. Милицияда иштеген ар бир адам улам бир жылдыз тагынайын, наам алайын деп аракет кылат. Имира эже кесиптештерин келаткан майрамы менен куттуктап, ден соолук, иштеринде чыдамкай болуп, генералдыкты эңсегендер генерал болуусун каалады.
Сымбат Максутова 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.