Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Үй шартында сүннөткө отургузулган үч жашар бала каза болуп калды

Коом
10 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
367
Окуя Красноярскиде болгон. Операциядан кийин баланын абалы кескин начарлап, бир аз убакыттан кийин чарчап калган.
 Красноярскиде үй шартында сүннөткө отургузулган үч жаштагы бала чарчап калганын аймактык тергөө комитетине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. Учурда наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Россиядагы тез жардам автоунаалары. Маалыматка ылайык, 6-январда баланын энесинин хирург таанышы ооруну сездирбөөчү дарынын жардамы менен үй шартында наристеге сүннөткө отургузуу боюнча операция жасаган. Абалы кескин начарлап кеткен балага энеси өз алдынча жардам берүүгө аракет кылып, ар кандай дары-дармек берген. Натыйжада наристе чарчап калган. Аталган факт боюнча Россиянын Кылмыш жаза кодекси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөөчүлөр 28 жаштагы хирургду суракка алышты.
Булак: Sputnik.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.