Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Үй өрттөнүп, кароолчу жаракат алды

Коом
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
13

Ысык-Ата районунда турак жай өрттөнүп, анын кесептинен 74 жаштагы кароолчу жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрдын түнү аталган райондун Нурмамбет айыл аймагынын “Учитель” дачасындагы кароолчунун 70 чарчы метр үйү толугу менен өрттөнгөн. Кырсыктын кесепетинен 1943-жылы туулган Х.Ю аттуу кароолчу жаракат алып, Кант шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.

Ал эми өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу