Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Июнь айында кандай аба ырайы күтүлөт

Коом
30 - Май 2017
www.erkintoo.kg
413
Кыргызстанда  июнь айында абанын орточо температурасы +27 градуска чейин жетет. Мындай маалыматты  Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызгидрометтин метеорологиялык божомол бөлүмү кабарлады. Маалыматка ылайык, Чүй жана Талас облустарында абанын температурасы  29 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн +10го чейин жетет. Ал эми жаан-чачындын көлөмү айлык норманын чегинде сакталат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз абанын температурасы 28, түнкүсүн 22 градус жылуу болот. Жамгырдын көлөмү айлык нормадан ашпайт. Ысык-Көл облусунда  болсо күндүз абанын орточо температурасы 25 градуска жетсе, түнкүсүн 9 градуска чейин нөлдөн жогору болору күтүлөт. Нарын облусунда күндүз 22 градуска чейин жылуу болсо, түнкүсүн 8 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.