Курс НБ на 22.03.2019 $69,7563 €79,1281

Ирригация программасы ишке аша баштады

Коом
10 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
52
 Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.  “Дээрлик 600 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди жана 2000 гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылуу жакшыртылды», — деди  мамлекет башчысы. Программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Жаңы калк конуштары, фермердик чарбалар пайда болот, 240 миӊден ашуун иш орду түзүлмөкчү.  «Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 259 млн. доллар болгон, башкача айтканда 18 млрд. сом суммасында каржыланган 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот. Калган 3-топтогу 15 долбоор 2026-жылга чейин ишке ашырылат», — деп белгиледи президент.(ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу