Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

​Интернаттан бала багып алган айрым аялдар, наам алгандан кийин аларды кайра артка кайтарышат.

Коом
10 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
99
Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди. "Өлкөбүздүн интернат жана балдар үйүндө 12 миң бала бар. Багып алгандардын арасында ар кандай адамдар бар. Айрымдары баланы алып кетип, "Баатыр эне" наамын, сыйлыктарды алгандан кийин аны кайра алып келишет. Кээ бир энелер интернаттан 5 бала алып, кээ бир балдарды кайтаргысы келет. Бирок алар жаңы энелерине көнүп калган болот. Буга байланыштуу баланы асырап алуу бир мөөнөттү алышы керек деп эсептейбиз. Себеби баланы багып алып жаткандар ага моралдык жактан даяр болушу кажет. Жаран бала багып алууну чечип, документтерди чогулта калып, кийинки күнү келип баланы алып кеткендей болбошу зарыл", - деген Солтонбекова.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.