Курс НБ на 18.10.2018 $69,3190 €79,8451

Интеллектуалдык менчик тутумуна 25 жыл

Коом
17 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
166
“Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоого  көмөктөшүү” темасындагы тегерек үстөл эл аралык интеллектуалдык менчик күнүнө жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында болуп өттү.
Тегерек үстөлдү өткөрүүнүн максаты Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо ыкмалары жана интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун актуалдуу маселелерин карап чыгуу болуп саналат. Бул иш-чара интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо маселелерине адистешкен юристтерге жана магистр-студенттерге багытталган. Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө спикерлердин баяндамалары угулуп талкууланды. Катышуучулар каралган теманын актуалдуулугун жана ушул жааттагы алакалашууну өркүндөтүүнүн зарылдыгын белгилешти.
Сайкал Тойчубай кызы,
“Эркин Тоонун” практиканты


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.