Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

“Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетени чыкты

Коом
16 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
379
Бул басма ай сайын ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, товардык белгилер, программалык продуктылар, көрсөткүчтөр, кабарлоолор жана расмий билдирүүлөр боюнча бөлүктөрдү өзүнө камтыйт.
Бул чыгарылышта Кыргыз Республикасынын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде катталган ойлоп табуулар жөнүндө маалыматтар кирген. Адамдын турмуштук керектөөлөрүн канааттандыруу бөлүгүнө кыргыз окумуштууларынын ойлоп табуулары кирди: Боордун эхинококкозунда жугушсуздандыруу ыкмасы, Уретерореноскопияда операция кылууда көрүү мейкиндигин түзүү ыкмасы жана суюктукту куюучу түзүлүш, Заара таш оорусундагы уретеролито-трипсия байланышында сийдик өткөрүүчү түтүктөн ташты чыгаруу үчүн ыкма жана түзүлүш, тубаса жана кийин пайда болгон май тамандыкты дарылоо үчүн аппарат.
 Ар түрдүү технологиялык процесстер, ташуу бөлүгүндө: түтүктөрдөгү каткан катмарларды ургулап талкалоо үчүн механикалык түзүлүш, курулуш буюмдарын өндүрүү үчүн гидравликалык пресстин гидроци-линдринин сабын которуштуруунун ылдамдыгын өзгөрткүч.
Химия, металлургия бөлүгүндө: кургак шыбак аралашмасы, гипс композициясы. Механикада:  жарык берүү, жылытуу, кыймылдаткычтар жана соргучтар, курал-жарак жана ок-дары, жардыруу иштери бөлүгүндө. Агуучу чөйрөлөрдүн аз дараметтүү агымдары үчүн бара. Өзүнчө микро ГЭСтин роторунун айлануу жыштыгын турукташтыруу ыкмасы жана аны ишке ашыруу үчүн түзүлүш. Физика бөлүгүндө: 0,4 кВ электр тарамдарында электр энергиясын уруксатсыз алган жерлерди аныктоо ыкмасы көрсөтүлгөн.
Журналдан суу чыгаруу үчүн сифон, суу өлчөөчү курулманын пайдалуу моделдери менен таанышса болот.
Чыгарылышта Кыргыз Республикасынын Товардык жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери жөнүндө маалыматтары бар. Аларга 64 ата-мекендик жана чет элдик товардык белгилери жана тейлөө белгилери кирген.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.