Курс НБ на 19.02.2020 $69,8406 €75,6129

“Интеллектуалдык менчик” бюллетени чыкты

Коом
15 - Март 2017
www.erkintoo.kg
402
Кыргызпатент тарабынан “Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетенинин февраль айындагы номери басмадан чыкты.
 Ай сайын басма ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, товардык белгилер, программалык продуктулар, көрсөткүчтөр, кабарлоолор жана расмий билдирүүлөр боюнча бөлүктөрдү өзүнө камтыйт.
Бул чыгарылышта Кыргыз Республикасынын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде катталган ойлоп табуулар жөнүндө маалыматтар кирген. “Адамдын турмуштук керектөөлөрүн канааттандыруу” бөлүгүнө кыргыз окумуштууларынын ойлоп табуулары кирди: Авторлору Ешиев А.М., Ешиев Д.А., Калыков Б.А. “Үстүңкү жаактын көңдөйүн перфорациялоодо аутосөөк менен пластикалоо ыкмасы”, авторлору  Калбаев А.А., Тынчеров Р.Р. “Эки катмардуу көчүрмөнү алууда оңдоо-түзөө үчүн бычак”.
“Ар түрдүү технологиялык процесстер, ташуу” бөлүгүндө: авторлору КР Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун окумуштуулары Виноградов В.В., Токарев А.В., Тузова О.Л., Виноградов Н.В. “Үстүңкү беттик типтеги катализаторлорду алуунун ыкмасы” ж.б.
Чыгарылышта Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери жөнүндө маалыматтар бар. Аларга 70 ата-мекендик, чет элдик товардык  жана тейлөө белгилери кирген.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.