Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

“Интеллект” окуу борборунун негиздөөчүсү Жакшылык Матанов: “Дүйнөгө кыргыз балдары өзгөчө таланттуу экендигин көрсөттүк”

Коом
01 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
147
Жакшылык Матанов 31 жашта. Түркия мамлекетинин "Эржиес " университетин бүтүргөн. Мындан төрт жыл мурун  “Интеллект” окуу борборун түптөгөн. Мына ушул аз убакыт ичинде аталган окуу борбордон билим алган жаш өспүрүмдөр дүйнөлүк сынактарда алдыңкы орундарга жетишишти. Бул жолу Жакшылык мырза менен мамлекеттин билим берүү системасынын абалы жана балдарды өнүктүрүү тууралуу сөз козгодук.
 
- Жакшылык мырза, азыр өзүң жакшы билгендей билим берүү системасынын алдында абдан көйгөйлүү, абдан орчундуу маселе турат. Бул жаатта бүт дүйнө жүзү тездик менен жаңыланып жаткан учурда биз кантип ийгиликтүү, натыйжалуу жолун таап, өзгөртүү киргизе алабыз?
- Азыркы иштеп жаткан билим берүү системасы Советтер союзунан калган эски система. Ал эми учурдагы жаштар таптакыр башка муун. Z мууну же "интернет балдары" десек болот. Мисалы, биз бала кезибизде ата-энебиз алып берген кийимди унчукпай кийип алчубуз. Азыркы балдар өздөрү тандап кийишет. Дайыма интернет булактарында олтурушкандыктан, ал жактан көп маалымат алышат. Ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы, ага болгон көз караштары таптакыр башка. Ошондуктан, билим берүү ситемасына заманбап окутуу ыкмасын киргизүү бышып жетилген маселе. Дүйнө жүзүнүн басымдуу бөлүгү Финляндиянын билим берүү системасына артыкчылык беришет. Кыргызстандагы билим берүү жаатынын адистери ошол системаны бизге да киргизишибиз керек дешет. Бирок, биздин коомчулук ага даярбы? - деген чоң суроо турат. Маселен, Финляндия 100 жыл мурунтан алдын-ала элдин аң-сезимин даярдап, андан кийин гана ошол системага өтүшкөн. Жөнөкөй эле мисал келтирейин. Көчөдө жүргөн селсаякка аппак көйнөк кийгизип койсок эле анын адам болуп кетиши мүмкүн эмес да. Туурабы?
Борборубуздагы компьютердик гимназия-мектептерине барсак эс тутумдары мегабайттан ашпайт. Бүгүнкү күндө терабайт пайда болгону качан. Окутулуп жаткан методикалык китептердин да эчак эскилиги жеткен. Дүйнө IT, нано технологияларды, жасалма интеллектти талап кылып жатат. Заман эмнени талап кылып жатса, биз да балдарга ошону беришибиз керек. Болбосо дүйнөлүк аренада биздин балдар аларга атаандаш боло алышпайт. Мамлекеттин жетекчилеринен тартып жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө чейин, а түгүл ар бир жаран мына ушуну ойлонушу керек.
- Азыр балдар эрте жетилип баштады. Аларга болгон таалим-тарбияны, мамилени кандай багытка өзгөртүшүбүз керек?
- Азыр өнүккөн өлкөлөр дипломго эмес, профессионалдык жөндөмгө көңүл буруп калды. Мектеп курагында эле кошумча курстардан окуп алышып, иштеп жатышат. Азыр диплом сурабайт. Өз ишиңдин дасыккан адиси болуу эле жетиштүү.
Ар бир ата-энеге сабак болчу бир окуяны айта кетейин. Бир апа баласын көчөдө жетелеп бара жатып таштанды чукуп жүргөн селсаякты көрүшөт. Апасы: “Балам жакшы окусаң мобу таштанды чукуган селсаяктай болбой жакшы жашайсың”, - дейт. Ошол эле учурда башка апа баласына ошол селсаякты көрсөтүп, “Эгер сен жакшы окусаң сенин өлкөңдө ушундай селсаяктар болбойт”, - дейт. Көрдүңүзбү, бир окуяда эки башка таалим-тарбия берилип жатат. Балдарыбызды алган билимиңди Мекениңдин өнүгүп-өсүүсү үчүн жумшап, элдин жашоо турмушун оңдошуңар керек деп, мойнундагы жүктү туура түшүндүрө билсек бала да ошол максат менен чоңоёт. Анан эптеп диплом алып, майлуу-сүттүү ишке кирип жашоо-турмушуңду оңдоп ал дей турган болсок ошол ойдун таасиринде өсүп жетилет. Балдардын келечеги ата-энелердин берген таалим-тарбиясынан, көрсөткөн багытынан көз каранды.
- Биз балдарыбыздын сабакты кабыл алуусу кандай экендигин эске албай эле алган баасына маани берет эмеспизби. Негизи эле баланын алган баасы анын билим деңгээлин көрсөтө алабы?
- Негизи билим берүү бизде жаттама десек болот. Адатта мектепте “эң жакшы” окуган окуучулар ийгиликсиз, начар окугандар чоң ишкер же жакшы кызматта олтурушат деген сөздөрдү көп угабыз. Көрдүңүзбү, мектептен алган билими жашоосуна канчалык деңгээлде пайдасы тийип жатат. Бизде баа үчүн гана аракет кылган балдар өсүүдө. Эмне үчүн эркин коё берип, өзү кызыккан жана каалаган багытта окутууга аракет кылбайбыз?! Мамлекеттик мектептерде балдар менен иштеген психологдор жок. Логикалык ой жүгүртүүгө көбүрөөк басым жасап, жашоодогу зарыл болгон нерселерге үйрөтүп, системаны башка багытка буруу керек. Болбосо ошол бойдон кете беребиз. Союз учурунда балким балдар үчүн баа чоң стимул болгондур. Бирок, азыркы z муунундагы балдарга баа стимул эмес. Ошондуктан, балдарга эркин билим алуу шартын түзүп беришибиз зарыл. Азыркы балдарды бир нерсеге жумшасаң ар бир кылып жаткан ишинин себебин сурайт. Алар башкача мамилени талап кылышат.
- “Интеллект” окуу борбору акыркы жылдары көп ийгиликтерди жаратып келе жатат. Баланы шыгына карап тандап аласыңарбы же ар бир баланын талантын жана мүмкүнчүлүгүн ачса болобу?
- Бала деген бала да. Ага кандай багыт берсе алып кете берет. Өзгөчө кээ бир балдар 10 жаштан өткөндө өзүнө жаккан багытты тандап баштайт. Кээ бир ата-энелер бар, Нурболоттой же Арсендей кылып бергиле деп жетелеп келишет. Балким ал бала футболго же бийге кызыгаттыр. Кызыккан багытына бериш керек. Биз тандап албайбыз. Катардагы бардык балдарды кабыл ала беребиз. Ар бир бала менен ата-эне жана окуу борбору биргеликте бир жылдан ашыгыраак иштесе ар бир баладан вундеркинд чыгат. Туура ыкма жана көңүл буруу менен жакшы жыйынтык көрсөтсө болот.
- Демек, жакшы жыйынтыктар окутуу ыкмаларынын өзгөчөлүгүнөн турбайбы. Аны жалпы мамлекеттик билим берүү системасына киргизүү менен ийгиликке жете алабызбы?
- Бизде окутулуп жаткан ыкма Россия, Япония, Кытай же Түркиядан сатып алынган эмес. Кандай гана система алып келбейли бизге жарабайт. Биз өзүбүздүн педагогдор менен психологдорубуз  тарабынан иштелип чыккан өзгөчө ыкма менен окутабыз. Ал биздин балдардын ой жүгүртүүсүнө ылайык келгендиктен, жыйынтыгы жакшы болуп жатат. Мектептерде да ошондой болушу керек. Башка мамлекеттин ыкмаларын көчүрүп келе калбай, биздин балдардын психологиясына, менталитетине жараша жаңы ыкма иштеп чыгыш керек. Эмне үчүн финдер, япондор, кытайлар өздөрүнүн системасын ойлоп чыгып жатышат. Анткени ар бириники өздөрүнүн балдарына гана ылайык келет. А эмнеге биз башка бирөөнүн батпаган көйнөгүн кыйналып кийишибиз керек?!.
- Ар бир улуттун балдарынын кабыл алуусу өзгөчөлөнүп турабы?
- Албетте. Биз балдарды эл аралык олимпиадаларга алып барганда кыргыздар өзгөчө таланттуу экендиги көрүнүп турат. Көргөн нерсесине берилип бат өздөштүрүп кетишет. Бизде бир жыл окуган балдардын деңгээли башка мамлекеттин 3-4 жыл окуган балдарынын деңгээли менен бирдей болуп калат. Биздикилер тез кабыл алып, тез үйрөнөт. Арсен, Нурболот  дүйнөлүк олимпиадалардын алдыңкы “10дугуна” киришет. Ал жактан 10-15 жыл машыгып келген балдар биздин кыргыз балдардан утулуп калып жатат. Эң алдыда индустар бар. Андан кийинки эле биздин балдар. Биз көп жарнамалай бербегендиктен коомчулук анча биле беришпейт. Тил үйрөнүү жөндөмдүүлүктөрү да жогору. Бул Кудай тарабынан берилген нерсе да. Ушундай мүмкүнчүлүгү жогору балдары бар өлкө ошолорду туура багытка салып өнүктүрө албай жаткандыгы өкүнүчтүү.
- Улуттун уңгулуу балдары эски системанын айынан көмүскөдө калып жатышы жалпы улуттун трагедиясы эмеспи...
- Ананчы, трагедия эле да. Мага мамлекет тарабынан бир мектепти пилоттук долбоор катары иштетүүгө мүмкүнчүлүк берсе, 1000 баланын 999ун вундеркинд кылып чыгарып бермекмин. 
- Ошол эле мамлекеттин базасында, ошол эле каражаткабы?
- Ооба. Ошол эле окутуу ыкмасын башкачараак иштеп чыкмакпыз. Азыр мугалимдер жаттап кел деп талап кылышат. Талап кылаардан мурун аны кандай кабыл алаарына маани бере беришпейт. Бала жүз жолу кайталап эптеп жаттап келип, “беш” алат да сабактан чыккандан кийин эсинен чыгып кетет. Мындай жаттама билимдин кимге кереги бар? Ошол бала акылдуубу? Жок. Жаттагандан кийин ал түбөлүк эсте калышы керек. Анын жаңыча ыкмалары бар. Билимди мажбурлап эмес, туура жол менен сунуу керек.
- Менталдык арифметиканын баланын жашоосуна пайдасы тиеби?
- Менталдык арифметиканын максаты тез эсептөө гана эмес. Биз сандарды мээни өнүктүрүүдө курал катары колдонобуз. Мисалы, Нурболоттун менталдык арифметикага келгенге чейин мээсинин тез иштөөсү 28% болсо, эки жыл окугандан кийин 58%га жетти. Ал окууну таштап койгон учурда да мээнин өсүү пайызы түшүп кетпейт. Жашоодо эң маанилүү нерсе – бул мээни машыктыруу. Анын өмүр боюу пайдасы тиет. Менталдык арифметикага барган балдардын баары мектепте “эң жакшы” окугандар. Алардын эске тутуму өтө күчтүү болот.
- Психологиялык жактан эч кандай зыяны жокпу?
- Эгерде зыян болсо, Япония, Кытай, Индия өлкөлөрү мектеп программасына киргизишпейт эле. Иштөө элементтерин билбей, шарт эле жообун айтып салат деп жактырбаган эски көз караштагы мугалимдер да бар. Төрт орундуу сандарды көбөйтүп жаткан алты жаштагы окуучуга жөнөкөй эле эсептин иштөө жолун көрсөтүп койсо оңой эле чыгарып койбойбу. Ушул жерден да бир окуяны айтып кетпесем болбос. Бир кемпир, чал болуптур. Кошунасы жаңы келин алат. Ал кир жууп жайган сайын, аны терезеден карап олтурган кемпир: “Өлүгүңдү көрөйүн, ушул келин кирди чала жууйт”, - деп кобуранып коёт. Бир күнү кемпир: “Ой бүгүн келин кирлерин таза жууган го”, - деп таң калат. Анда чалы: “Терезени жууп койдум эле”, - дейт. Анын сыңарындай улуу муундагылар бардык нерсени өздөрүнүн айнеги аркылуу көрүшөт. Өзүлөрү көнүп калган чектөөлөрдөн чыга алышпайт. Бул бара-бара өзгөрөт деп ойлойм.
- Өзүң жөнүндө айтсаң, катардагы мектепти бүтүп кантип Түркиянын жогорку окуу жайынан билим алып калдың?
- Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулгам. Мектепти ошол жактан окуп, кийин Бишкек шаарынан бүтүрдүм. Түрк лицейин аяктаган балдар менен Түркиядагы жогорку окуу жайлардын бирине сынактын негизинде өтүп кеткем. Зоя Васильевна деген биздин мектептин директору: “Сен Түркиянын жогорку окуу жайына кантип өтүп кеткениңе түшүнбөйм”, - деп таң калган жайы бар. “Мен үчкө окуган окуучу болсом да сизден көп китеп окугам”, - деп тамашалап жооп бергеним эсимде. 11-классты окуп жатканымда үч миң китеп окугам. Каникул учурун эртеден кечке жалаң китеп окуу менен өткөрчүмүн. Өзүм жактырган сабактарды гана окубасам, кээ бирине таптакыр кызыгуум жок эле. Англис, түрк тилиндеги китептерди окуй берип бул тилдерди өз алдымча өздөштүрүп алгам. Түркияга өткөнүмө да тил билгеним жакшы себеп болгон. Ата-энелерге өзүңөрдү жана балдарыңарды өнүктүрүүчү китептерди көп окугула дейт элем.
- Сөзүңө аралжы, жашообузга деле кереги тийбеген сабактарга балдардын убактысын коротпой, жалаң турмушубузда колдоно турган гана нерселерге басым жасоо туурабы дейм...
- Туура, бул жанагы эле жогоруда айтылган система да. Европада, Америкада балдар 4-класстан тартып өздөрүнүн тандоосу менен атайын бир багыт боюнча билим алышат. Түркияда окуп жүргөнүмдө кыргыз, казак студенттери кандай гана тема болбосун бардык жактан маалыматыбыз бардыгы менен алдыда турчубуз. Ал эми башка өлкөнүн студенттери алган багыты боюнча гана билишет. Техник техниканы, инженер инженердик жаатты гана жакшы өздөштүрүшкөн.
- Бул жакшыбы, же...
- Ооба, бул абдан жакшы экен. Биз баарын билебиз, бирок белгилүү бир багыттан жок ортодо калып кетет экенбиз. Эмне үчүн түрктөр танка, америкалыктар телефон, япондор дагы бир нерсени ойлоп чыгып жатышат? Бир багытта кеткендер ошол иштин майын чыгарып жыйынтык көрсөтөт экен. Биз бардык нерсени билебиз, бирок кыйраткан бир ишибиз жок. Убагында баарын билебиз деп сыймыктанчубуз.  Көрсө, ошол бир тармакты жакшы билген кесипкөй адамдар жашоодо да жакшы ийгиликтерди жаратышат экен. А биздин баарын билген балдар базарда соода кылып олтурушат же  “бир нерсе кылыш керек эле” деп өз ордун таппай жүрүшөт. Мектептеги билим берүүнүн максаты - жашоого багыт берүү болушу керек. Илим жана билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевичтин азыркы системаны ошондой багытка бурам деген тилеги бар.
Биз жаңы билим берүү тармагында иш баштаган учурда тааныштарым 600-700 миң доллар сарптап билим берүү борборлорун бизнес катары башташкан. Мен алардын оюна караманча каршы болчумун. Билим берүүнү акча тапчу булак катары карабаш керек. Ага сүйгөн ишиңдин жыйынтыгы катары мамиле жасоо зарыл. Ошол бизнес катары ачылган мектептердин өмүрү кыска болду. Ал эми “Интеллект” окуу борборлору ийгиликтүү иш алып барып жатат. Келечекте дүйнөдө кадыр-баркы бар Кэмбридж, Оксфорд сыктуу дүйнөлүк аренага чыгышын каалайт элем.   
 
Жылдыз Дыйканова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.