Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Инсульттун алдын алып

Коом
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
416
Врач, республикалык оорукананын № 2 неврология бөлүмүнүн башчысы Нурлан Оморов менен адамдар инсультка кандайча кабылып жатышканын, алардын саны канча экенин сурап, пикир алыштык. Ал инсульттун пайда болушунун негизги себептерин айтып берди.
Инсульттун пайда болушу - көп адамдар өз диеталарын сактабай, тамак-ашты көп жегенинде. Андыктан кант диабети, гипертония илдеттери күчөп, кан басым көтөрүлөт. Булар тобокел факторлор. Эгер адам ден соолуктуу образды тандап албаса, анда өмүрү онкология же инфаркт, инсульт менен бүтөт. Калктын ден соолугун чыңдоо үчүн мамлекеттик медициналык саясат керек. Азыр биз эл аралык протоколго өтүп жатабыз. Анда жарандардын ден соолугуна мамлекет кам көрөт. Бирок мамлекеттик ооруканаларда компьютердик томография жок. Көп заманбап аппараттардын баары менчик клиникаларда. Ал текшерүүдөн өтүп келген жыйынтыктар менен оорулардын дарылануусуна кеткен чыгым  20-25%га азайды. Жаман жери көп адамдар тойго барып тоюп келип, ден соолугунун алдын албайт. Мен ачык эле “Вечерний Бишкек” гезитине “Кыргызстандын калкы өз ден соолугун унитазга төгүп салууда” деген темада интервью бергем. Биз эгер ушинтип бетке айтпасак, түшүнүү кыйындап баратат. Карасаңар, адамдар тамак-ашка, аракка, тамекиге акча кетирет, бирок дарыланууга акча кетиргиси келбейт. Мени мамлекет бекер дарыласын дейт. Бул туура эмес. Голландиядан мисал айтайын. Ал жерде мамлекет ар бир жаранга 5-6 миң евро камсыздандырууга төлөйт. Адамдар жыл сайын ден соолугун текшертүүгө келет. Эгер адамдын салмагы ашып кетсе, камсыздандыруу 3 айга токтойт. 3 айдын ичинде адам салмагын түшүрүп келиш керек, анүчүн мамлекет велосипед алып берет, залдарга машыгууга жөнөтөт, психолог, терапевт врачтарын беришет ж.б. Эгерде 3 айдын ичинде инсульт же инфаркт болсо, ал адам чыгымдарын өзү төлөйт. Болбосо салмагын түшүрүп келгенден кийин дарылануу башталат. Ар бир адам өз ден соолугуна өзү жооптуу болуш керек деген Голландиянын саясаты абдан туура.
Бизде көп адамдар инсульт болгондон кийин келишет. Ден соолугунун алдын алышпайт. Жылына биздин бөлүмгө 1300дөй киши инсульт менен келет. Анын саны көбөйгөн да, азайган да жок. Жалпысынан калктын 15%дайы инсульт болуп турат. Көңүл калбасын деп тойго баргандар тамак-ашты жебей койсо деле болот. Өз ден соолугун көзөмөлгө алган адам ооруну качырат.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.