Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Имамдарга маданият, этика сабактары өтүлүүдө

Коом
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
486
Муфтияттын жалпы квалификациясын жогорулатуу максатында окуу семинарынын экинчи айлампасы башталды. Мындай маалыматты Муфтият билдирди. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган семинар, “Ыйман”  фондусунун “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу”  долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Ал эми квалификациясын жогорулатуу семинарынын экинчи айлампасында Баткен, Ош облусунун жана Ош шаарынын имамдары ОшМУнун теология факультетинде дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, риторика, имамдардын этикасы, акыйда, Ислам тарыхы, кыргыз маданияты жана дин, Куран, иш кагаздары предметтери боюнча сабактарынан билимдерин тереңдетүүдө. Учурда Баткен облусунун 140 имамы катышууда.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.