Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Имамдарга арналган семинар аяктады

Коом
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
341
“Ыйман”  диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган имамдар үчүн 6 күндүк окуу семинары аяктады. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады. Маалыматтарга караганда,  катышуучулар сертификатка ээ болушту. Сертификаттарды «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, Мамлекеттик дин комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана башкалар тапшырды. Семинарга  Баткен облусунан 135 имам жана Ош шаарынан 10 имам катышкан. 9-январдан тартып окуу семинарлары  Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Араван райондорунан чакырылган имамдарга уюштурулат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.