Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Илим Карыпбековдун абалы жакшы

Коом
02 - Март 2017
www.erkintoo.kg
331
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун авариядан кийинки абалы жакшырып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта АКИпресске Бишкек травматология жана ортопедия илимий-иликтөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди. Дарыгердин айтымында, операциядан ийгиликтүү чыккан И.Карыпбеков сүйлөп калды. «Дарыгерлер ага ашыкча суроо берген жок. Палатага эң жакын гана адамдарга кирүүгө уруксат берилген. Учурда бейтапка кошумча операция жасоо муктаждыгы жок. Анын саламаттыгы дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө турат», - деди дарыгер.
Жол транспорт кырсыгынан кийин оор абалда ооруканага жеткирилген И.Карыпбековго кечээ, 1-мартта эртең менен операция жасалган. Операциядан кийин кечинде ойгонгону маалымдалган.
Бишкек ШИИБдин Патрулдук милициясынын маалыматы боюнча, авария 1-мартка караган түнү саат 03:19 чамасында Түштүк магистралда болгон.
«1979-жылы туулган Илим Карыпбеков «Рендж-Ровер» (мамлекеттик номуру В 9177 АО) унаасын Аалы Токомбаев көчөсү менен чыгыш тарапка башкарып бара жатып, «Сенатор» кафесинин каршысынан бордюрду сүзгөн», - деп айтылат маалыматта. Унаанын салонунда өзүнөн башка эч ким болгон эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, И.Карыпбековдун ички органдары жабыркаган. Анын авариядан кийин жарактан чыккан унаасы айып төлөнүүчү жайга жеткирилген.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.