Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

ИИМде КРнын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К.Асанов Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдар жана ыйгарымдуу Элчиси менен жолукту

Коом
06 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
26
2018-жылдын 6-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин имаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К.Асанов менен  Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө кырдаалдар жана Ыйгарымдуу Элчиси Ха Тэ Ё мырзанын эки тараптуу жолугуушусу өттү.
Андан сырткары, жолугушууга Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Биринчи катчысы Ким Хён Джонг катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча эки өлкөнүн кийинки кызматташууларын бекемдөө жана Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелер талкууланды.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.Асанов жолугушууда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Корея Республикасынын полициясынын иш-тажрыйбасын терең изилдөөгө кызыктар экендигин белгиледи.
Жолугушуунун аягында Курсан Асанов көп жылдардан берки пайда болгон жылуу мамиле эки тараптуу кызматташууну бекемдеп, өнүктүрүүгө түрткү берет деп ишенимин билдирди.
Жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү.
  ИИМдин Басма сөз кызматы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу