Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

И.Арабаев атындагы КМУда жаңы китепкана ачылды

Коом
20 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
127
20-декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде жаңыланган “Илимий китепкананын” ачылышы болду. Ачылышына аталган окуу жайдын ректору Төлөбек Абдрахманов, академик Сыртбай Мусаев, мугалимдер жана студенттер катышты. Китепкана быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата ачылып, ал заманбап функцияларды аткарат.
“Китепкана санариптештирилген көп функционалдуу заманбап китепкана болсун деп ачтык. Биздин университетте мындан сырткары 2 китепкана бар. Биринчиден бул китепкана ар тараптан санариптештирилген,  КМШнын биз менен кызматташып келген чоң китепканалары менен онлайн байланышып турат. Учурда Россиянын Москва шаарындагы атактуу Ленин китепканасы менен түздөн-түз байланышып иштеп жатабыз. Экинчи жагынан  аймактарда жайгашкан мисалы, Нарын, Баткен, Талас университеттерине кызмат көрсөтүү санариптештирилди. Аймактардын окутуучулары айрым маалыматтар үчүн Бишкекке келүүсүнүн зарылчылыгы жок, кызматташуу бекер”, - деп билдирди окуу жайдын ректору Т.Абдрахманов.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.