Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

​Химиялык үй тазалоо үчүн колдонулган каражаттар зыяндуу!

Коом
21 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
35
Химиялык үй тазалоо үчүн колдонулган каражаттар аны пайдаланган адамдын дем алуу системасын ооруга чалдыктырышы ыктымал экендиги тууралуу Гарвард университетинин окумуштуулары айтып чыгышыптыр. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына таянып Спутник жазып чыкты.  Химиялык кошулмалары бар тазалоочу заттардын адамдын ден соолугуна зыянын иликтерден мурда окумуштуулар медайымдардын өпкө илдеттерине көп чалдыгарын байкашкан.
“Медайымдар оорукананы жана өздөрү колдонгон жабдууларды таза кармоо үчүн ар дайым тазалоочу заттарды колдонууга мажбур. Ошентип дайыма химиялык каражаттардын жанында дем алган кызматкерлер өпкө ткандарын жабыркатат. Кесепетинде өпкөнүн обструктивдүү өнөкөт оорусу пайда болот”, — деп айтылган изилдөөдө.  Андыктан адистер үй кожойкелерине жана ишинде тазалоочу каражаттарды көп колдонгон адамдарга жууп-тазалоо учурунда беткап колдонуп, кийин бөлмөнү жакшылап желдетүүнү сунуштайт,-делет маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу