Курс НБ на 13.12.2019 $69,8482 €78,0693

Грузиядан келген полиция кызматкерлери сабак өтүшөт

Коом
13 - Август 2019
www.erkintoo.kg
54

Грузиядан келген полиция кызматкерлери патрулдук милиция кызматына сынактан өткөндөргө сабак өтүшөт. Бул туурасында  ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн  ИИМдин Академиясына чет элдик укук коргоо органдарына алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү максатында Грузиянын ИИМнин патрулдук милиция Департаментинин директорунун орун басары Леван Мачавариани жана Тбилиси шаарынын патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Зураб Рухадзе келди. Алар сынактан өтүп учурда билим алып жаткан талапкерлерге сабак өтүшөт.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.