Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Гүлшара Дулатованын мемориалдык тактасы орнотулду

Коом
09 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
23
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшара Дулатова жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду. Иш- чарага Жогорку Кеңештин  депутаттары, шаар мэриясы, кесиптештери, театр чеберлери катышып куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Гүлшара Дулатова 1930 - жылы Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында жарык дүйнөгө келген. 16 - жаш курагында, 1946 - 1948 - жылдары борборубуздагы Филармонияда хордо солист болуп иштөө менен баштаган. Ал сахнадагы өмүрүндө 100дөн ашуун ар түрдүү мүнөздөгү образдарды ийине жеткире жаратып, театр сүйүүчүлөргө тартуулай алган.  Ал дүйнөлүк жана орус классикасынан тартып, кыргыз драматургиясынан турган аялдардын образынын бүтүндөй галлереясын түзгөн актриса катары белгилүү болгон. Актриса 2009 - жылы 3 - мартта 79 жаш курагында дүйнө салган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу