Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

“Гиннестер китебине” кирген 20 тонна грек салаты

Коом
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
678
4-сентябрда, Москва шаарындагы Кызыл аянтта "Спасская башня" фестивалында  20 тоннадан ашуун грек салаты жасалып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди.  Мындай маалыматты орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, салат жасоого 7 тонна бадыраң, помидор, 2 тонна сыр, 1 тоннадан пияз жана зайтун майы керектелген. Аларды  тууроого медициналык маалымат кагазы бар 1000ден ашуун жарандар жардам берген. Алар тууралып,  азык-түлүктөр жүк жүктөй турган автоунаанын кузовуна төгүлгөндөн кийин салмагы тартылып “Гиннестер китебине” кирген. Катталгандан
кийин целлофанга оронгон бала автоунаанын кузовуна түшүп, салатты чакаларга салып катышуучуларга берген. Салат атайын уюмдарга таратылып, калганын келген коноктор 20 мүнөттө жеп коюшкан.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.