Курс НБ на 21.10.2018 $69,3251 €79,3703

Гидрометеорология агенттиги текшерилет

Коом
13 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
64
Гидрометеорология боюнча агенттиктин жамаатынын ачык катын текшерүү боюнча депутаттык жумушчу топ түзүлөт. Бул туралуу бүгүн, 12-июнда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду. Анда агенттиктин  айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана одоно мыйзам бузуулар болгондугу көрсөтүлгөн. Мыйзам бузууларга түрткү берген себептерди жана шарттарды кечиктирбей четтетүү боюнча сунуштарга КР Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети (УКМК) жана прокуратура органдары көңүл бурбай жаткандыгы туралуу жазуу жүзүндөгү кайрылуулар Жогорку Кеңештин комитеттин дарегине бир нече жолу келип түшкөн. Буга байланыштуу агенттикте түзүлгөн кырдаалды текшерүү үчүн жумушчу топ түзүү, жыйынтыгын сентябрдагы жыйындарынын биринде кароо боюнча чечим кабыл алышты.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.