Курс НБ на 02.07.2020 $78,7872 €89,0098

​Гастрити жана өтүндө, бөйрөгүндө ташы барларга помидор жегенге болбойт

Коом
22 - Июнь 2020
www.erkintoo.kg
37
Мындай жыйынтыкты  орусиялык  диетолог Натали Макиенко РИА Новостиге айтып берди.  Анын айтымында, помидордун курамында органикалык кислота көп болгондуктан, бул жашылчаны организм сезгенген учурда жебеш керек. Мисалы, уйку без, муун оорусу, экзема, псориаз (тери оорусу) сыяктуу илдеттери барлар помидордон баш тартып койгону оң. Ошондой эле зарна болуп жатканда, дене тап көтөрүлгөндө да помидор жебеш керек. Адис, мындан сырткары, гастрити жана өтүндө, бөйрөгүндө ташы барларга да помидорду сунуштабайт. "Эгер өтүндө оорусу бар адам помидорду көп жесе, өттөгү таш чоңоюп кетиши ыктымал", — деген дарыгер. Ошол эле учурда помидордун курамында магний, калий, фосфор, цинк, С витамини болгондуктан, ал жүрөк-кан тамыр ооруларына, варикоз, геморрой дарты барларга жана каны аз, кан басымы төмөндөргө миңдин бири экенин диетолог кошумчалап кеткен, деп жазды Спутник порталы.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу