Курс НБ на 14.08.2018 $68,9600 €78,4972

Февралда Токтогулда 16 млрд куб суу сакталат деген тарыхта болгон эмес

Коом
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
130
“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын” жетекчиси Айбек Калиевдин билдиргенине караганда, учурда Кыргызстандын сууларынын абалы боюнча 2023-жылга чейинки божомолдор түзүлүп жатат. Былтыр суулуу жыл болду, бизде 1900-жылдан берки маалыматтар бар. 1999-жылдан беркисин эле салыштырып караганда деле алты жылдык цикл кайталанууда – үч жыл акырын көтөрүлөт, үч жылда кайра азаят. Мисалы, 2009-жылы суу таптакыр эле азайып кетсе, 2010-жылы кайра көбөйгөн. 2016-2017-жылдар сууга мол болду. Быйыл төмөндөө башталат, ошондуктан электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга туура келет. Бул жагдай дагы эки-үч жылга созулат. Ушул тапта Токтогул суу сактагычында 16 миллиард куб суу бар – мындай чек январдын башына чейин эле болчу. Февралда Токтогулда 16 млрд куб суу сакталат деген тарыхта болгон эмес.
Атай АЛТЫМЫШЕВ 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.