Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Фермерлер жоопкерчиликтүү болушат

Коом
11 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
331
Анткени алардын  жеңилдетилген насыяларды кайтаруусу 99%ды түзөт. Буга чейинки айыл чарбасын каржылоо боюнча насыяларды кайтарбоо пайызы да төмөн. Бул тууралуу бүгүн “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу” жана айыл чарбасын, кайра өндүрүү өнөр жайын мындан аркы өнүктүрүү чаралары жөнүндө маалымат жыйында “РСК Банктын”  төрагасы Азизбек Оморкулов билдирди. Төраганын маалыматына таянсак,  насыя алуу боюнча да маселе жок. 250 миң сомго чейинки насыя алууга паспорт, нике тууралуу күбөлүк, айыл чарба жеринин же жаныбарлардын таандыгы тууралуу документ гана керек. 250 миңден жогору ошол эле документтер жана Соцфонддун, салык кызматынын карыздары жоктугу тууралуу маалымкаты гана зарыл.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.