Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Европа биримдик билим берүү тармагына 36 млн евро гранттык каражат бөлөт

Коом
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
509
Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы «Билим берүү секторун реформалоого контракт» программасы боюнча Финансылык макулдашуну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Европа биримдиги 2016-2018-жылдарга 36 млн евро гранттык каражат караганы белгилүү болду. Бул каражат адегенде республикалык бюджетке чегерилип, андан соӊ билим берүү тармагына которулат. Каражат мектепке чейинки мекемелерди жана жалпы билим берүү мектептерин өнүктүрүүгө жумшалат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.