Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Эс алуу күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом
20 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
394
21-22-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бийик тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, облустардагы өкмөт өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. ошондой эле, уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.