Курс НБ на 30.10.2020 $81,8000 €95,9514

Эртеңден тарта үгүт иштери башталат

Коом
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
539
11-ноябрдан тарта саясий партиялардын шаардык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлери үгүт иштерин жүргүзүүгө укук алышты. Ал эми айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 20-ноябрда аягына чыгат. 21-ноябрдан тарта үгүт иштери башталат. Бардык талапкерлер үгүт иштерин 10-декабрь күнү саат 8:00де токтотууга милдеттүү. Бул тууралуу БШК билдирет. Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.