Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Эртең айрым жерлерге жаан, тоолорго кар жаайт

Коом
10 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
342
11-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8 күндүз 17…22
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 күндүз 16…21
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11 күндүз 20…25
Баткен областында түнкүсүн 5…10 күндүз 20…25
Ысык-Көл областында түнкүсүн -2…+3 күндүз 11…16
Нарын областында түнкүсүн 0…-5 күндүз 11…16
Бишкек шаарында 11-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 күндүз 20…22 жылуу болот.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.