Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

“Эркин Тоо” гезити татыктуу редакторун тапты

Коом
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
1000
Акыркы мезгилде эле бир жылдан айлантпай эки жетекчисин алмаштырган өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитинде баш редактордун эки аптадан бери ээнсиреп турган орду ээсин тапты.
Башкы редакторлор алмашканда куттуу орун буга чейин эч качан мынчалык узакка бош турган эмес. Угушубузга караганда, “Эркин Тоонун” эки тизгин, бир чылбырын колго алсам деген дымактуулар бир топ болгон ошойт. Ошондой болсо да, олжо жүгүргөндүкү эмес, буйругандыкы демекчи, 6-февралда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүк басылманын башкы редакторлук кызматын буга чейин биринчи орун басарлыкты аркалап келген кесиптешибиз Керимбаев Дыйканбек Качкынбаевичке ыраа көрүп, тиешелүү буйрукка кол койду.
Күндө эле күлмүңдөп баарыбыз менен сыпаа учурашып жүргөн жаңы жетекчибиз менен бүгүн, 7-февралда кайрадан “таанышып”, “таскагың күчөй берсин, кара кылды как жарган калыс жетекчи бол” деп жетекчилик ишине жамаатыбыз жабыла ийгилик кааладык. Анткени, Дыйканбек Керимбаев азыр болгону 37 жашта. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин артыкчылык менен аяктаган. Үй-бүлөлүү - бир кыз, эки уулдун атасы.
"Эркин Тоо" гезитинин жалпы эмгек жамааты


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.