Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Эркин Асрандиев чыгымды төлөп берди

Коом
04 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
36
Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдө сүзүү маалында куткаруу операциясына кеткен чыгымды төлөп берди. Бул туурасында  «Азаттык» радиосу  аталган фонддун маалымат катчысына шилтеме кылып маалымдады. Маалыматка караганда,  операцияга 17 куткаруу тартылып, ага жергиликтүү бийлик органдары 600 литр, Мамлекеттик резиденция 400 литр бензин короткон. Белгилүү болгондой,  31-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө катышкан Асрандиев жана анын жанында коштоп жүргөн кайыктагы адам көлдөгү катуу толкунга кабылып, бирин-бири таппай калышып, 1-сентябрь күнү табылган.
 
Айнура Шайкеева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу