Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Эреже бузгандардын унаасы эвакуацияланат

Коом
28 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
331
Бүгүн, 28-апрелден тартып Кыргызстанда жол эрежесин бузуучулардын унааларын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөрдү бекитүү чарасы колдонулат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМ дөңгөлөктөрдүн бекиткичтерин өз алдынча алып салуу жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет. Унаа каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо 7.21 “Эвакуатор” жол белгиси менен катар 3.27-3.30, 5.12-5.14. белгилери орнотулган жерлерде колдонулат. Мажбурлап эвакуацияланган унаалар атайын унаа токтотуучу жайга токтотулат.  “Унааларды эвакуациялоо жана атайын жайда сактоо акысы бар. Аны унаа каражаттарынын ээлери белгиленген баада төлөшөт. Ошол эле учурда алгачкы 3 саат акысыз болуп эсептелет. Унаа каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо тууралуу “102” телефонуна чалып билүүгө болот”, - деп айтылат маалыматта.
Нур Балбак


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.