Курс НБ на 27.05.2019 $69,8500 €78,1272

Эреже бузган чет өлкөлүк айдоочуларга айыппул чек арада салынат

Коом
12 - Март 2019
www.erkintoo.kg
63
Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин бузган чет өлкөлүк жарандарга чек арада айыппул салынат. Мындай маалыматты унаа, байланыш, курулуш жана архитектура боюнча парламенттик комитеттин көчмө жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын директорунун милдетин аткаруучу Ыманалы Саркулов кабарлады. Маалыматка караганда, камера чет өлкөлүк номурдагы унааларды каттоого алып турат. Эгерде чет элдик жаран жол эрежесин бузса, аны базага киргизип, айып төлөтөт.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу