Курс НБ на 21.01.2020 $69,7000 €77,3008

​“Эне тынчылык” кайрымдуулук фонду майыптар күнүнө карата иш-чара уюштурду

Коом
06 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
93
1992-жылы майыптардын он жылдыгынын аягында БУУнун генералдык ассамблеясы 3-декабрды Эл аралыкмайыптар күнү деп жарыялаган.  Бул күндү майрам катары кабылдоого анчейин туура келбейт. Бул кабыл алынган жарлыктын негизги максаты майыптыгы бар болгон адамдарды коомдун түзүмүнө кошуп, алардын билимине маани берилип, өнүктүрүү боюнча атайын кам көрүлөт. Бардык адамдардын укуктары бирдей жана ден соолугу чектелген адамдарга атайын коомдор көмөк көрсөтүшүп келет. Бул жоопкерчиликти ар бирибиз сезип, туура кабылдашыбыз керек. Майыптар тууралуу маалыматты билбегендерге айта жүрүшүбүз керек. Өлкөбүздө жылына акыл-эси кемчил, бой-келбети толук өспөгөн балдардын төрөлүүсү көбөйүп жаткандыгы абдан өкүнүчтүү. Ошол эле учурда атайын фонддор түзүлүп, аларды баккан ата-энелерге болгон камкордук көрүү иштери жолго коюлууда. Алардын бири катары “Эне Тынчылык” коомдук кайрымдуулук фондун атасак болот. Аталган кайрымдуулук фонду калктын аялуу катмарына жардам берип, ошол эле учурда кайрымдуулук кылууга мүмкүнчүлүгү бар болгондордун көмөгүн муктаждарга жеткирип, майып адамдардын укугун коргоо менен алардын ден соолугун чыңдоого, анын билим алуусуна болгон аракеттерди жумшап да келет. “Эне Тынчылык” кайрымдуулук фондунун төрайымынын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз менен жолугуп сүйлөшүүдө, кыйынчылыктарга моюн сунбай, дени сак адамдар таң кала турган ийгиликтерди жаратууга боло тургандыктарын айтып келебиз-дейт.  Айталык, улуу композитор Людвиг Ван Бетховендин кулагы катуу болгону менен ага бул тоскоолдук жарата алган эмес. Ал жараткан музыка кылымды карытып келүүдө. Жыл санап, майыптыгы бар болгондорго да, жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, спорт жаатында, болгондо да  олимпиадалык оюндары өткөрүлүп келүүдө. Ушунун өзү дем күч берип, бактылуу күн, өмүрдү кечирүүгө мүмкүндүк берет.
    “Эне тынчылык” кайрымдуулук фонду ар жылы 3-декабрда, аталган фондго катталган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга иш-чара уюштурулуп турат. Быйылкы жылы да салтты бузбай Мурас - Ата кафесинде ак дасторкон жайып, чай үстүндө аларга белек-бечкек тапшырып, алардын маанайын көтөрүүгө аракет жасалды.
 А.Дүйшөнбаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу