Курс НБ на 24.01.2021 $84,7671 €103,2421

​Эми мигранттар да пенсия ала башташат

Коом
13 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
56
Евразия экономикалык комиссиясы 2019-жылы  ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыздоо боюнча келишим иштеп чыккан эле. Мына ошол келишим  2021-жылдын 1-январында толугу менен күчүнө кирди. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы маалымдады.
 Бирок, мигрант бул келишимдин негизинде пенсия алам десе,  ЕАЭБдин курамына кирген өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө иштеши керек. Жаран ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде (келишим түзгөн беш мамлекет) мыйзамдуу түрдө иштеп, камсыздандыруу төлөмдөрүн берип жүрсө, анда убагы келгенде КРде жүргөндөй эле пенсияга чыга алат. Келишим күчүнө киргенге чейинки эмгек стажы гана эсептелет. Башкача айтканда, беш мамлекеттин кайсынысында легалдуу иштесе, ошол жыл эмгек стажына кошула берет.
.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу