Курс НБ на 20.02.2019 $69,7155 €79,0887

Эли бай Чаткал

Коом
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
63
Жакында Чаткалды миллионерлердин району деп атай баштайт окшойбуз. Анткени аймакта төрт айыл өкмөтүндө биригип 27 миң калк жашаса аларга төлөнгөн айлык акы айына 26 миллион сомду түзөт экен. Акыркы жылдагы экономикалык көрсөткүчү наркы жылдагысына караганда дароо 100 пайыздан да жогорулап, 727 миллион сомго көбөйгөн. Чаткалдын эли кантип байып жатканы тууралуу аталган райондун акими Канжарбек Эшалиев айтып берди.

Кайткан мигранттар, төлөнгөн миллиондор, жакшырган жашоо
 
- Чаткалда элдин жашоо-шарты абдан оңолгон. Тоо-кен багытындагы мамлекеттин саясатын колдоо менен чет өлкөлүк инвесторлордун иштөөсүнө шарт түзүп берүүнүн натыйжасы ушул. Өзүңүздөр билесиздер, биздин тоо-таштын баары кен байлыкка оронгон. Райондо азыр кен өндүрүшүндө алектенген 158 фирма бар. Кен өндүрүү абдан оор процесс, даярдыкка эле ондогон жылдар коротулушу мүмкүн. Ошондуктан бул фирмалардын баары эле азыр толук кандуу иштеп, өнүм алууга жетишишти деп айтуудан алысмын. Анткен менен алардын аркасында жумуш орундары түзүлүп, элдин социалдык-экономикалык абалы жогорулап жатканын жашыра албайбыз. Мисалы, 27 миң калк айына 26 миллион сом айлык акы алат. Бул абдан чоң көрсөткүч да. Ушундай кирешенин аркасында эл жашоо-шарттарын жакшыртып жатышат. Автоунаа алышып, уул-кыздарын жогорку окуу жайлардан окутушуп, мал чарбачылыгын өнүктүрүп жатышат, күнөскана салышууда. Кыскасы, элдин жашоо деңгээли абдан жогорулоодо. Буга чейин жумуш издеп чет жерлерге кетип калышкан жаштарыбыздын көпчүлүгү кайра кайтып келишүүдө.
Бизде кыш алты айга созулат, ага карабастан калктын негизги карманганы – айыл чарбасы. Бул тармакта былтыр 1 млрд 148 млн сомдон ашык продукция өндүрүлдү. Бул өткөн жылдагыга караганда 103 пайызга көп.
Акыркы 12 айда аймакка 339 млн 208 миң сомдук инвестиция тартылды. Бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда өткөн жылы райондук Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан 421 млн 989 миң сомдон ашык каражат жыйналганын кошумчалап кетейин.
 
Студенттерди окутуп, дарыгерлерди тарткан, жолдорду оңдоп, жарыктандырган тоо-кен фирмалары
 
- Кен өндүрүшүндө ишмердүүлүк жүргүзүшкөн компаниялар жеке жарандарга жакындан жардам көрсөтүүдөн тарта чоң долбоорлорду ишке ашырууга чейинки аракеттерди жасап келишүүдө.
Мисалы, “Чаарат-Заав” фирмасы 2004-жылдан бери Чаткал районунда ишмердүүлүк жүргүзөт. Алтын өндүрүү боюнча даярдык көрүп келатат. Өндүрүшкө бир-эки жыл аралыгында киришкени турат. Бул фирма жыл сайын айылдардын жолун асфальттоого 6 миллион сомдон каражат бөлүп келет. Жаңы-Базар, Каныш-Кыя айылдарындагы көпүрөлөрдү курууга 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлдү. Жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан студенттердин контракттарына жана районго келишим менен иштеп берүү үчүн келген дарыгерлерге турак жай сатып алуу үчүн 600 миң сомдон берди. Курулуш айылындагы ФАПтын курулушуна 800 миң сомдук жардам беришти. Чаткал айыл аймагынын социалдык-экономикалык программасын ишке ашырууга 1 млн сом бөлүп, 2 млн сомго электр энергиясын тартууга жардам беришти. Андан башка дагы көрсөткөн жардамдарын эсептей берсек өтө көп.
“Вертекс Голд Компани” ЖЧКсы Сумсар айылынын ар кандай чыгымдары үчүн 1 млн 200 миң сом, Каныш-Кыя айыл аймагындагы Коргон-Сай айылынын жолун асфальттоого 6 млн сом, Чаткал–Кара-Буура автожолунун долбоору үчүн 1 млн 400 миң сомдук колдоо көрсөттү. Бул негизгилери гана.
Курулуш айылына спорт зал куруу үчүн 5 млн сом бөлгөн “Кичи-Чаарат” фирмасын атабай кетсек болбойт. Аталган фирма райондук оорукананын капиталдык ремонту үчүн да 2,5 млн сом берди. Ал эми студенттердин төлөмдөрү үчүн 650 миң сом, келишим менен иштеп жатышкан дарыгерлерди колдоп 350 миң сомго жардам көрсөтүштү.
“Эки-Бакыр-Терексай” деген түрктөрдүн алтын өндүргөн компаниясы бар, жергиликтүү элди 60 жумуш орду менен камсыз кылышкан. Терексай айылына эле айына 8 миллион сомдук айлык акы беришет.
 
Экология эске алынып жатабы?
 
- Бизде негизинен алтын өндүрүлөт. Эми жез, сурьма өндүрүүнү пландаштырып жатабыз. Албетте, элдин арасында кен казуу иштеринин экологияга, ден соолукка зыяндуулугун кеп кылып, нааразылык айткандар бар. Алтын казып иштеткенден кийин сөзсүз түрдө артында ар кандай ойлор пайда болот. Анткен менен бизде ишмердүүлүк жүргүзүп жатышкан фирмалар мамлекеттин да, жергиликтүү элдин да талабын эске алышып, бардык мыйзамдарды сактоо менен иштешүүдө. Алардан калктын саламаттыгы менен экологиянын сакталышы үчүн эл аралык норманын негизинде иш жүргүзүшүн талап кылабыз. Мамлекеттик экспертиза жүргүзүлүп, ошонун негизинде уруксат берилет.
2015-жылы депутаттардан, адистерден турган топ менен биргеликте Түркия мамлекетине барып, ал жактагы компаниялардын иштөө тартибин көрүп келгенбиз. Ошондо компаниялар эл аралык нормаларды сактап иш алпарышса, элге эч кандай зыяны жок экенин түшүндүк. Келгенден кийин элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Туура кабыл алышты.
Көп жерлерде калк тарабынан түшүнбөстүктөр болуп, компаниялардын иштегенине уруксат берилбей жатпайбы. Ар бир аймактын өзүнүн жетишкендиги бар, ошону туура пайдалансак ар бир аймакта өнүгүү болот.
 
Жаркынай Эргешбаева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу