Курс НБ на 22.01.2020 $69,7407 €77,2797

Элге бычак шилтеген адам абакка киргизилди

Коом
22 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
57
Троллейбустун ичинен элге бычак шилтеп, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн киши тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Бишкек ШИИББден кабарлашты. Маалыматка ылайык, Биринчи  май райондук соту 27 жаштагы Т.У. аттуу жаранды эки айга №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган. Белгилүү болгондой аталган окуя  20-ноябрда катталган. Анда троллейбустагы киши жүргүнчүлөргө бычак шилтеп коркутуп, тартип сакчыларынын колуна түшкөн.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу